Россия квалификациясы жогору жумушчулардын келишине кызыкдар — РФнын КРдеги элчиси
Ал Россия үчүн эмгек мигранттары мыйзамдуу негизде келип, акча табышы жана аны мекенине жибериши маанилүү экенин баса белгиледи.
Вакуновдун айтымында, учурда эмгек мигранттарын эсепке алуу боюнча цифралык системага өтүү иши жүргүзүлүүдө.
«Россияда жумушка орношууну пландап жаткан кыргызстандыктар үчүн негизги шарт — мыйзамдарды сактоо жана жумуш ордуна келиш үчүн негиздердин болушу, мисалы, жумуш ордун берүү боюнча келишим. Ошондой эле, кыргызстандыктар Россияда жумушка орношуу үчүн патент алууга муктаж эмес экенин белгилеп өтүү керек», — деди ал.