
2025-жылы Кыргыз Республикасынын акыйкатчы институту жарандардан 9 672 кайрылууну каттады. Алардын анализинин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга 141 жооп кайтаруу актылары жөнөтүлдү, анын 122и ийгиликтүү аткарылды. Мындан тышкары, 109 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул маалыматты мекеменин басма сөз кызматы берди.
Эң көп кайрылуулар социалдык-экономикалык укуктарга байланыштуу болду — алардын саны 324. Анын ичинен 95 кайрылуу билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы көйгөйлөрдү камтыды. Ошондой эле эмгек жана турак жай маселелери, менчик укуктарын коргоо жана социалдык камсыздоо боюнча арыздар белгиленди.
Институт аялдардын, балдардын жана майып адамдардын укуктарына өзгөчө көңүл бурат. Отчеттук мезгилде 49 аял юридикалык жардам сурап кайрылды, алардын 29у үй-бүлөлүк зомбулук боюнча учурларды билдиришти. 36 арыз балдардын укуктарына байланыштуу болсо, дагы 56 жаран алименттерди өндүрүү боюнча жардамга муктаж болду.
Мындан тышкары, жарандарга паспорт жана жеке күбөлүктөрдү алуу боюнча жардам көрсөтүлдү, ошондой эле дин эркиндигин коргоо боюнча жардам берилди. 12 адам экстрадиция маселелери боюнча жардам сурап кайрылды.
Чет өлкөлөрдө болгон мекендештерибизди да көңүлдөн четте калтырган жок. Россиядан 14 кайрылуу, Өзбекстандан — 8, Казакстандан — 2, Беларусиядан — 1 кайрылуу келип түштү. Юридикалык жардам Түркия, Афганистан, Пакистан, Ливия, Чехия, Германия жана Египеттен келген чет элдик жарандарга да көрсөтүлдү.
Жыл ичинде институттун кызматкерлери 811 мониторинг өткөрүштү. Анын ичинен 328и эркинен ажыратуу жайларында, 90ы аскер бөлүктөрүндө, 48и стационардык социалдык мекемелерде, 133ү билим берүү мекемелеринде жана 54ү медициналык уюмдарда өткөрүлдү.
Жооп кайтаруу актыларынын негизги бөлүгү саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерине, укук коргоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлдү. Жооп кайтаруу акты — укук бузууларды аныктоо учурунда алардын жоюлушу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында түзүлгөн расмий документ.
Акыйкатчы Жамиля Джаманбаева адам укуктары жана эркиндиктерин сактоо туруктуу жана өнүгүп жаткан мамлекеттин негизги экенин белгилеп, мамлекеттик органдарды бул тармакта активдүү кызматташууга чакырды.