
Экинчи күндө Нурсултан Кенешбеков 3000 метр аралыкта жарышта экинчи орунду алып, 7:55,06 убакыт көрсөткөн. Анын мекендеши Жусуп Сулайман уулу ошол эле жарышты бешинчи орунда 8:23,71 натыйжасы менен аяктады.
Ошондой эле чемпионатта Искендер Чокаев 800 метр аралыкта 1:56,83 убакыт менен 10-орунду, ал эми Руслан Литовский 400 метр аралыкта 49,57 секундда чуркап 14-орунду ээледи.
Кенешбековдун жетишкендиги бул турнирдеги Кыргызстан курамасы үчүн эң мыкты натыйжа болуп, өлкөгө континенттик чемпионаттын күмүш медалын алып келди.