
Ош мэриясынын сүрөтү
План боюнча, жаңы завод жыл сайын 310 миң тонна таштандыны иштетип, аны электр энергиясына айланта алат. Мэрияда ишкананын бардык экологиялык стандарттарга жооп берери, зыяндуу заттардын чөйрөгө чыгарылышын жокко чыгарганы баса белгиленет.
Келечектеги күндөрдө убакыт капсуласын коюу аземин өткөрүү пландалууда. Завод 2027-жылдын аягында ишин баштайт деп күтүлүүдө.
Бул долбоор шаардык инфраструктураны кеңейтүү жана таштандылардын көбөйүп жаткан көйгөйүн чечүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.