Чикагода кармалган кыргызстандыкка байланыштуу кырдаал өзгөчө көзөмөлдө – КР ТИМ

Арестова Татьяна Коом / Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Чикагода Б.Б. аттуу жарандын катышуусунда болгон окуя боюнча билдирүү жасады. Ведомство кармалган адамдын туугандары менен жолугушуу болгонун маалымдады.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Чикагодагы жалпы консулдугу Б.Б. менен байланыш орнотту. Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда юридикалык маселелер боюнча консультациялар жана кийинки кадамдар боюнча сунуштар берилди.

Жаранды кармоо үчүн акыркы жай аныкталгандан кийин, генконсулдук кызматкерлери консулдук жолугушуу өткөрүү үчүн визит уюштурууну пландаштырууда.

Ведомстводо кырдаал Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөдөгү мекеме тарабынан атайын көзөмөлдө экенин, алар туугандар менен байланышта болуп, өз ыйгарым укуктарынын алкагында зарыл юридикалык жардам көрсөтүп жатканын баса белгилешти.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: