Памир-Алайдын тургундары Тажикстан менен чектеш «Кызыл-Арт» КППсында символикалык стела орнотууну сунушташты
Маалыматка ылайык, 6-февралда Памир-Алай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында тургундардын Алай районунун акими Чынгыз Бапаевдин катышуусунда жыйыны өттү.
Жыйында тургундар жолдор, суу, инфраструктураны жакшыртуу жана жерлерди трансформациялоо боюнча көйгөйлүү маселелерди көтөрүшүп, сунуштар менен пикирлерин билдиришти.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар Тажикстан менен чектешкен «Кызыл-Арт» өткөрмө пунктунун жанында символикалык стела орнотууну өтүнүштү.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманали Анарбаев 2025-жылы аткарылган иштер тууралуу тургундарды маалымдап, 2026-жылга пландар менен тааныштырды.
«Кызыл-Арт» өткөрмө пункту [«Бор-Добо — автодорожный»] 4336 метр бийиктикте жайгашкан.
Кыргызстан-Тажикстан чек арасында 5 өткөрмө пункту бар:
- «Кызыл-Бель – автодорожный» (Баткен району),
- «Кулунду – автодорожный» (Лейлек району),
- «Кайрагач – автодорожный» (Лейлек району),
- «Карамык – автодорожный» (Чоң-Алай району Ош облусу),
- «Бор-Добо – автодорожный» (Чоң-Алай району Ош облусу).
«Кызыл-Арт» өткөрмө пункту [«Бор-Добо — автодорожный»]
// 2024-жылдагы сүрөт
Дагы окуңуз:
Без изображения
«Ай-Пери» эл аралык бизнес борборуна айланды — фото баяндамасы
Curl error: Operation timed out after 120001 milliseconds with 0 bytes received...