Кабмин батирлер үчүн кезекке турууну сунуштайт, жер тилкелери үчүн эмес
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев жер участкаларын алуу үчүн кезекте турган жарандар боюнча маселе көтөрдү.
Бул боюнча биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев жер участкаларын берүү маселеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясында экенин түшүндүрдү.
Ал жер участкаларын берүү кыйынчылык туудурган маселе экенин, анткени жер ресурстары чектелүү экенин белгиледи. Ошондуктан, өкмөт көп кабаттуу үйлөрдү курууга өтүп, жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекке турууга мүмкүнчүлүк сунушталууда», - деп кошумчалады ал.
Амангельдиев ошондой эле калктын өсүшү менен жер участкаларынын жетишсиздиги пайда болорун баса белгиледи.
«Жер фондусу бар, жана эгер бош участкалар пайда болсо, алар айыл өкмөтүнө берилет», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.