Быйыл Ошто таштанды кайра иштетүү заводу курулат – өкмөт

Наталья Маркова Коом / Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
Быйыл Ошто таштандыларды кайра иштетүү заводу курулат – өкмөт

2026-жылы Ошто борбордогуга окшош таштандыларды кайра иштетүү заводу курулат. Бул маалыматты өкмөттүн биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин жыйынынын биринде билдирди.

Ал ошондой эле инвестор менен тиешелүү келишимдин кол коюлганын маалымдады.

«Инвесторго Бишкекте иштеп жаткан шарттарга окшош шарттар берилет. Курулушту бүтүрүү ушул жылга пландалган. Мындан тышкары, жаңы заводдо өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуу боюнча Энергетика министрлиги менен келишимге кол коюлду», - деп кошумчалады Амангелдиев.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: