
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Суйунбек Омурзаков турак жайдын жогорку баалары тууралуу актуалдуу теманы көтөрдү. Ал республика боюнча активдүү курулуш жүрүп жаткандыгына карабастан, аренда баасы жогору бойдон калууда экенине көңүл бурду.
«Жаш үй-бүлөлөргө жана төмөн кирешелүү адамдарга жеткиликтүү турак жай табуу өтө кыйын. Коңшу мамлекеттер менен салыштырганда, бизде аренда баасы жогору. Сиздер бул бааларды кандайча жөнгө салууну пландап жатасыздар?» - деди Омурзаков.
Бул суроого биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев мамлекеттик ипотекалык компанияда исламдык финансылык принциптерге негизделген программа ишке ашырылып жатканын билдирди.
Ал бул программа алкагында курулган батирлерди арендага берип, кийинчерээк сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен сунуштоо пландалганын кошумчалады. Бул маселе боюнча мыйзам долбоору парламент тарабынан ратификацияланган.
«Биз Ислам фондусунун 200 миллион доллар өлчөмүндөгү финансылык жардамын алуу боюнча макулдашууга жетиштик. Азыркы учурда фонд сумманы 400 миллион долларга чейин көбөйтүүгө даяр. Биз бул каражаттарды тартууну көздөп жатабыз, анткени долбоордун ийгиликтүү болоруна ишенебиз», - деп белгиледи Амангельдиев.