Серджио Гор: Мен АКШнын президентинин жөнөкөй жана так билдирүүсү менен КРга келдим
Серджио Гор өзүнүн Кыргызстанга болгон сапары «Дональд Трамптын президенттигинен келген ачык жана жөнөкөй билдирүү» менен байланыштуу экенин белгиледи.
«Америка Кошмо Штаттары Борбордук Азия менен кызматташууга даяр, бул регионду негизги деп эсептейт. Биз учурдагы администрациянын жетекчилиги астында келерки үч жыл ичинде бул милдеттемени өнүктүрүүгө даярбыз», — деди ал.
Анын айтымында, өткөндө АКШ бул регионго жетиштүү көңүл бурган эмес, бирок азыр Дональд Трамптын убагында абал өзгөрүүдө.
«Өткөн жылы Ак Үйдөгү «C5+1» форматындагы жолугушууда байкагандай, регионго болгон кызыгуу түздөн-түз Овальный кабинеттен келип жатат. Бул Борбордук Азияга берген стратегиялык маанини көрсөтөт, жана биз ушул негизде келечектеги кызматташтыгыбызды курууга ниеттенип жатабыз», — деп кошумчалады ал.
Серджио Гор ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын алдыга чыккан технологиялары жана инновациялары бар экенин, Борбордук Азия менен биргеликте иштөө үчүн даяр экенин белгиледи.
«Биз бул форумду бир жолку окуя катары эмес, узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктүн башталышы катары карайбыз. Америкалык компаниялардын бул жерде болушу Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен коммерциялык байланыштарды тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. АКШ өзүнүн бизнес структураларын активдүү колдойт жана бул региондогу алардын ийгиликтүү ишмердүүлүгүнө көмөктөшүүгө даяр», — деди ал.
Атайын элчи форумдун катышуучулары электрондук коммерция, жасалма интеллект, критикалык маанидеги минералдар, айыл чарба жана транспорт сыяктуу негизги тармактарда коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча жаңы демилгелерди иштеп чыгуу менен алектенерин белгиледи.
Дагы окуңуз:
Без изображения
АКШ Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык өз ара аракеттешүүнү күчөтүүнү пландаштырууда, - АКШ президентинин атайын өкүлү
- 4-февралда өткөн B5+1 бизнес-форумунун алкагында өткөн пресс-конференцияда, АКШнын президентинин...