
Жыйнакка «Топон» романы, ошондой эле «Күндү кармаган бала» жана «Кашаба» повесттери кирет.

Бул жылы Венгрияда «Жанжаза» романы да жарык көрдү, ал жергиликтүү окурмандар арасында чоң кызыгууну жаратты. Мурда кыргыз авторлорунун чыгармаларынан бул өлкөдө Чингиз Айтматовдун бир нече китеби гана жарык көргөн.
Султан Раев: «Венгрия поэт Шандор Петефи, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ласло Краснахоркаи жана композитор Ференц Лист сыяктуу көрүнүктүү ишмерлердин мекени. Менин чыгармаларым венгер тилинде мындай бай адабий жана маданий салтка ээ өлкөдө жарык көргөнүнө кубанычтамын. Бул мен үчүн гана эмес, бүт кыргыз адабияты үчүн чоң сыймык», - деп бөлүштү.
«Жанжаза» романы жана «Топон» жыйнагы белгилүү котормочу Жожеф Горетитю тарабынан венгер тилине которулган. Китептин тааныштыруусу Венгрия маданияты жана руханий борборунда жогорку деңгээлде өтүп, венгер адабиятчыларын, коомдук ишмерлерди, студенттерди жана адабият сүйүүчүлөрүн чогултту.