
КР Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-борборунун сүрөтү
Пресс-борбор тарабынан берилген маалыматка ылайык, талкуу негизги кызматташтык багыттарына арналды, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, кадрдык потенциалды жогорулатуу, саламаттык сактоодо санариптик трансформация, өзгөчө кырдаалдарга даярдык, ошондой эле антимикробдук резистенттик жана психикалык ден-соолук маселелери айтылды.
Ошондой эле, ДСУнун сунуштары жана техникалык кеңештери Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагындагы улуттук программалар жана нормативдик документтерди түзүүдө активдүү колдонулуп жатканы белгиленди.
Каныбек Досмамбетов 2024-2030-жылдар аралыгында ДСУ менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык стратегиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул биргелешкен демилгелерди пландаштыруунун негизин түзөт. Ошол эле учурда, ал стратегияны учурдагы приоритеттерге жана медициналык системага турган чакырыктарга ылайык ийкемдүү адаптациялоонун зарылдыгына көңүл бурду.
Саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык жана улуттук демилгелерге, Кыргызстан активдүү катышууну пландап жаткандыгына өзгөчө көңүл бөлүндү.