

Бүгүн Ош шаарында «Сантерра-Юг» кайрымдуулук фонду тарабынан негизделген жаңы көп функционалдуу ресурстук борбордун салтанаттуу ачылышы болду. Ушул мекеменин негизги максаты — Дауна синдрому бар балдарды колдоо, алардын социалдык интеграциясына жардам берүү жана ата-энелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, борбордун иши менен таанышып, балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, ар кандай иш-чараларга катышты.
Сөзүндө мэр мындай социалдык демилгелердин маанисине көңүл бурду. Жеңишбек Токторбаев Дауна синдрому бар балдарды колдоо, алардын толук өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана тең укуктарды камсыздоо Ош шаардык мэриясынын социалдык саясатынын негизги приоритеттери экенин баса белгиледи.
«Сантерра-Юг» фонду тарабынан берилген маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын түштүк бөлүгүндө 300дөн ашык үй-бүлө катталган, алардын 70и Ош шаарында жашайт. Борбор балдардын өз алдынча жашоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана ата-энелерге социалдык, психологиялык жана маалыматтык жардам көрсөтөт.