БГК комиссиясы муниципалдык токтотуучу жайлардан түшкөн кирешелерге кызыгууда
Биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоковдун маалыматына ылайык, мурун паркингдерди башкаруу ДУМИ тарабынан жүргүзүлүп келген, бирок азыр бул функциялар муниципалдык «Шаардык транспорттук инфраструктура департаментине» өткөрүлдү. Так ушул департамент паркинг үчүн төлөмдөрдү чогултууга жооптуу. Муниципалдык менчикти башкаруу паркинг орундарын уюштурууга жооп берет жана аларды департаментке өткөрүп берет, ал эми департамент жылдын жыйынтыктарын чыгарат.
Депутаттын паркингдерден түшкөн кирешелердин бюджетте жоктугу тууралуу суроосуна Байгончоков, өткөн жылы өзгөрүүлөр болгонун жана маалымат базасы дагы түзүлбөгөнүн түшүндүрдү. Ошондуктан болжолдуу сандар борбордун бюджетине киргизилген эмес. Вице-мэр өзгөртүүлөр киргизилген учурда бул кирешелер сөзсүз эске алынарын убада кылды.