
Сүрөт иллюстративдик
«4-февраль 2025-жылдагы Россиянын Транспорт министрлигинин № 34 буйругу менен жөнгө салынган мобилдик телефондорду текшерүү боюнча жаңы чараларды киргизүү, зарылчылык болсо, буга чейин иштеп жаткан коопсуздук чараларына кошумча катары жүргүзүлүшү мүмкүн», — деп билдиришти Москва транспорт департаментинин басма сөз кызматы.
Мурда Санкт-Петербургдун бийликтери да ушундай инициативаларды сунушташкан, алар бул региондогу коопсуздук деңгээлин жогорулатуу менен түшүндүрүштү.