Кыргызстанда унаалардын саны дээрлик 2 миллионго жетти
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда катталган унаалардын жалпы саны 1 миллион 909 миң 61 бирдикти түзөт. Бул маалымат Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Министр унаалардын санынын өлкөдө 13% га өсүшү кошумча экологиялык көйгөйлөрдү жаратып жатканын белгиледи. Автопарктын структурасында: 972 миң бензин менен жүргөн унаа, 339 миң дизель унаа, 56 миң газ менен жүргөн унаа жана 37 миң гибрид унаа бар.
Мындан тышкары, Машиев 2025-жылга чейин республикага 15 миң 278 электр унаасы киргизилгенин, бул жалпы унаалардын 0,8% ын түзөрүн айтты. 2024-жылы беш жашка чейинки унаалардын үлүшү 1,5% ды, ал эми ушул жылы бул көрсөткүч 4,5% га өстү.
Бишкекте коомдук транспортто 1 миң 447 газ автобустары, 120 электр автобустары жана 12 стандарттык 12 метрлик автобус бар. Ошондой эле шаарда электр унаалары үчүн 100дөн ашык заряддоо станциялары орнотулганын министр кошумчалады.