Ош шаарында Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштар жоюлууда
Ош шаардык мэриясы Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча маалымат берди.
Шаардык бийликтен алынган маалыматка ылайык, мэр Женишбек Токторбаевдин көрсөтмөсү менен текшерүү уюштурулуп, мыйзам бузуу менен курулган объектилер аныкталган.
«Азыркы учурда коммерциялык объекттердин ээлери мыйзамсыз түрдө кызыл сызыктан жолго чыгып кеткен имараттын бөлүктөрүн өз алдынча бузууга киришти. Алар мурунку убакта тиешелүү эскертүүлөрдү алышкан», - деп билдирди мэрия.
Бул иш-чаралар шаардык архитектуралык стилди сактоого, жолдордо коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алууга багытталган.
Дагы окуңуз:
Ошто рейддер: Шакиров көчөсүндөгү ресторандар жана соода жайлары бузулду
Ош шаарында Шакирова көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана бузуу боюнча...
Бишкектин айланма жолунун курулуш зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды
Октябрь районунун администрациясынын маалымат кызматынын сүрөтү Бишкектин түндүгүндө жаңы айланма...