Ошто рейддер: Шакиров көчөсүндөгү ресторандар жана соода жайлары бузулду
Шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын адистери аталган көчө бойундагы бир нече ресторандар жана соода жайларын текшеришти. Рейд учурунда курулуштардын белгиленген кызыл сызыктардан чыгып кеткен учурлары, ошондой эле жолго карай багытталган өз алдынча кошумча курулуштар аныкталды. Жеринде зарыл өлчөмдөр жүргүзүлдү.
Аныкталган объекттердин ээлерине мыйзам бузууну жоюу боюнча расмий эскертүүлөр берилди.
Шаардык мэрия бул иш-чаралар шаардык архитектуралык стилди сактоого, жөө адамдарды коргоого жана транспорттун эркин кыймылын камсыздоого багытталганын белгиледи. Мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддер келечекте улантылат.