Жүз жыл мурун Кыргыз Автономиялуу ССРи түзүлгөн
Архивден алынган сүрөт. Биринчи кыргыз республикалык Советтер съезди (1927-жыл)
Россиянын Бишкектеги Элчилигинин маалыматы боюнча, бул күнү жүз жыл мурун ВЦИКтин XII чакырылышынын президиуму Кара-Кыргыз автономиялык облусун Кыргыз Автономдуу ССРине айландыруу чечимин кабыл алган.
Кыргыз АССРинин түзүлүшү менен анын аймагынын аянты жана калкынын саны кыйла өстү.
Кыргыз АССРинин түзүлүшү кыргыз элинин тагдырына оң жана анык таасир этти, республика үчүн Россия менен бирдиктүү мамлекеттик мейкиндикте социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнүн бекем негиздерин түздү. Ал убактагы татаал жана карама-каршы шарттарга карабастан, республика экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө сезилерлик жетишкендиктерге жетишти.
Бул мезгилде өнөр жайды, транспортту жана байланыштарды өнүктүрүүнүн негиздери салынды, айыл чарбасы заманбап жабдууларды жана жаңы уюштуруу формаларын ала баштады. Калктын билим берүү жана маданият деңгээли кыйла жогорулады, кыргыз тилинде гезиттер жана китептер чыга баштады, билим берүү мекемелеринин тармагы кеңейди, деп белгиленет расмий билдирүүдө.