Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөр амнистия мыйзамы боюнча каралат, - мэрия
Депутат Эркеайым Сейтказиева шаарда мыйзамдарды сактабастан курулган жана амнистиянын алкагында легалдаштырууну алган үйлөрдүн дагы бар экенин белгиледи. Бул объекттердин кээ бири мурдагы генеральный планга ылайык коргоо зоналарында жайгашкан. Ошондуктан, ал жаңы генплан долбоорунда коргоо зоналары өзгөрдүбү жана укук таануу документтери жок имараттардын тагдыры кандай чечилет деген суроо берди.
Бул суроого жооп берип жатып, Кадыров мындай объекттер амнистия мыйзамынын контекстинде каралаарын баса белгиледи. Ал белгилегендей, бул жер участкалары аныкталбаган зоналарга кирет. «Сиздерге белгилүү болгондой, президенттин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Бул маселелер генеральный план менен эмес, түздөн-түз амнистия мыйзамы менен жөнгө салынат», - деп кошумчалады вице-мэр.