Кыргызстанда дээрлик миллион бала кедейчилик чегинде жашайт
«Элдик» фракциясынын лидери Акылбек Тумонбаев парламент мүчөлөрү өкмөт мүчөлөрүн мамлекеттик жөлөкпулдарга байланыштуу мыйзамдарды ишке ашыруу маселесин талкуулоого чакырганын кошумчалады. Ал ошондой эле 12 жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул берүү боюнча мыйзам долбоору сунушталганын белгиледи.
Байсаловдун айтымында, пандемиянын натыйжасында калктын арасында кедейчилик деңгээли 30 пайызга чейин жогорулаган.
«Эгерде адамдын жылдык кирешеси 65 миң сомдон аз болсо, ал кедейчилик чегинен жашап жатат деп эсептелет. Өткөн жылы бул көрсөткүч 25,7 пайызды түзгөн. Жасалган аракеттерге карабастан, кедейчилик деңгээли жылына болгону 2 пайызга төмөндөп жатат», — деди өкмөт башчынын орун басары.
Ал ошондой эле 16 жашка чейинки балдардын арасында кедейчилик 33 пайызды түзөрүн, бул Кыргызстанда кедейчилик шартында жашаган 950 миң балага туура келерин билдирди.
Акырында Эдиль Байсалов өкмөттүн беш жылдык планында кедейчилик деңгээлин 20 пайызга төмөндөтүү боюнча чаралар каралганын, ошол эле учурда белгиленген мезгил ичинде 15 пайыздык көрсөткүчкө жетүү үмүтүн билдирди.