Дипломаттын айтымында, мурунку жылдарда ар кандай инвестицияларды тартууга басым жасалган, алардын кесепеттерин жана мазмунун терең баалоо жүргүзүлбөгөн.
«Мурун биз энтузиазм менен ар кандай инвестицияларды кабыл алчу элек, инвесторлорду чын эле боорсок жана май менен тосуп алчу элек. Бирок азыр өлкөдө туруктуулук жана мыйзамдын үстөмдүгү орногондуктан, инвесторлордун саны өстү. Ошондуктан, биз долбоорлордун сапатына көңүл бурууга кириштик», — деди ал.
Садык Шер-Нияз жаңы инвестициялык көз караш реалдуу пайда алып келүүчү, Кыргызстандын экономикасына пайдасы тийген, туруктуу өнүгүүсүнө жардам берген жана улуттук кызыкчылыктарга жооп берген долбоорлорду тандоону камтыйт деп кошумчалады.