Киностудия «Кыргызфильм» Dolby Atmos үн студиясын долбоорлоо боюнча тендер жарыялады
Маданият министрлигинин маалымат кызматынын маалыматы боюнча, бул ремонттун негизги максаты — дүйнөлүк киноиндустрияда кеңири колдонулган эң алдыңкы 3D үн системаларынын бири болгон Dolby Atmos технологиясын колдонуу менен заманбап үн студиялык мейкиндикти түзүү.
Бул долбоор кыргыз кино ишмерлерине фильмдерде эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку сапаттагы үн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле улуттук жана биргелешкен эл аралык долбоорлор үчүн постпродакшн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
«Бул долбоор кыргыз киносуна атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жана жергиликтүү кино продукциясынын экспорттук потенциалын арттырууга, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартууга жардам берет», — деп белгиленет билдирүүдө.
Долбоорду ишке ашыруу креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө жана маданий мекемелердин материалдык-техникалык базасын модернизациялоого багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында жүргүзүлөт.
Долбоорду иштеп бүткөндөн кийин үн монтаж корпусун реконструкциялоонун этаптуу планын иштеп чыгуу жана студияны заманбап профессионалдык жабдуулар менен жабдуу пландалууда.