
Иш-чаранын катышуучуларынын арасында палатанын өкүлдөрү, Экономика жана соода министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандык ишкерлер болду.
Жыйындын негизги натыйжаларынын бири NACOFECтин Кытайдын Жалпы кооперативдер федерациясы (ACFSMC) менен кызматташуу алкагында өз натыйжалуулугун көрсөтүп келген механизмдерди Кыргызстанда киргизүү тууралуу жарыя болду. Бул кыргызстандык органикалык продукция өндүрүүчүлөрүнө Кытай боюнча 341 миң соода түйүнүн камтыган тармакта товарларын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн ачат.
ТППнын вице-президенти Авазбек Керимбаев: «Кытай рыногу күндөн-күнгө кызыктуу болуп баратат, жана Кыргызстан өз нишесин ээлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Казакстандык кесиптештер, Кытайга экспорттоодо чоң тажрыйбага ээ, өз билимдери менен бөлүшүүгө жана биздин аймакта лабораторияларды түзүүгө жардам берүүгө даяр. Биз олуттуу өзгөрүүлөрдүн алдында турабыз: Кытайга жеткирүүлөрдү орнотуу өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө күчтүү түрткү берет», — деп белгиледи.
NACOFECтин президенти Казыбек Шайх регионалдык интеграциянын маанисин белгилеп: «Биз Кыргызстанга экспортту өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан технологияны алып келдик. Казакстандагы иш тажрыйбабыз кичи жана орто өндүрүүчүлөрдү күчтүү экспорттук чынжырларга бириктирүүнүн жалгыз ийгиликтүү жолу экенин тастыктады. Биздин продукция уникалдуу экологиялык мүнөздөмөлөргө ээ, жана биздин милдет — China Co-opто сертификаттоодон баштап сатуучу дүкөнгө чейин «жашыл коридорду» түзүү. Бул Борбордук Азияда бирдиктүү органикалык бренд түзүү үчүн биринчи, бирок маанилүү кадам», — деди.
Презентациянын жүрүшүндө азыр Кыргызстанда да жеткиликтүү болгон практикалык алгоритм сунушталды:
● China Co-opко түз чыгуу: «Борбордук Азиянын органикалык продукциясы полкасы» долбоорунда катышуу.
● Акселерация жана окутуу: упаковканы, сертификаттоону жана Кытайдын катуу стандарттарына ылайык келүүнү адаптациялоодо жардам.
● Финансылык туруктуулук: продукциянын кепилденген сатылышын камсыз кылуучу офтейк-контракттарды түзүү.
● Технологияны өткөрүү: Кыргызстанда чийки затты терең кайра иштетүү үчүн кичи индустриализация технологияларын (индиялык өнөктөштөр менен биргеликте) киргизүү мүмкүнчүлүгү.
● Жаңы кызматташтык этабы.
NACOFECтин Бишкекке болгон визити Кыргызстан менен Кытайдын соода мамилелеринде жаңы баракча ачат. Жыйындын катышуучулары текшерилген казак практикаларын колдонуу кыргызстандык бизнеске Кытай рыногуна чыгууда көптөгөн катачылыктардан качууга жардам берерин жана продукцияны өндүрүүдөн сатууга чейинки жолду кыйла тездетерин белгилешти.
Иш-чара NACOFEC менен Кыргызстан Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумдун кол коюлушу менен аяктады, бул биздин өлкөнүн өндүрүүчүлөрүн жана товарларын эл аралык рынктарда колдоого, ошондой эле Кыргызстанда кооперативдик, өндүрүштүк, сатуу жана финансылык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.