КР Саламаттык сактоо министрлигинде 2025-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, 2026-жылга тапшырмалар пландалды
Жыйында катышуучуларга министрликтин өткөн жылдагы негизги иш багыттарынын анализи сунушталды. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, саламаттык сактоо системасынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү, каржылоо, инфраструктураны модернизациялоо, санариптештирүү, ошондой эле укуктук жөнгө салуу жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу сыяктуу аспектилер талкууланды.
Мындан тышкары, коллегиянын катышуучулары биринчи медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу, аймактардагы кадрдык камсыздоо, медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана калкты дары-дармек менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Министрликте чет өлкөдөгү кыргыз дарыгерлери менен кызматташуу талкууланды
26-январда Саламаттык сактоо министрлигинде Германия, АКШ, Улуу Британия, Россия жана Жакынкы...