Программа пробация органдарынын ишине киргизилип, коопсуз жана сыйлаган жүрүм-туруму түзүү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын кайталануу тобокелдигин азайтуу максатын көздөйт.
Бул демилгени негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- конструктивдүү байланыш жана эмоцияларды башкаруу навыктарын үйрөтүү;
- зомбулук аракеттеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө тийгизген кесепеттерин түшүнүү;
- жеке жоопкерчиликти жана юридикалык кесепеттерди түшүнүүнү калыптандыруу;
- зомбулукка алып келген көз караштар жана ишенимдерди өзгөртүү.
Эскертүү керек, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 11 айында 19 995 үй-бүлөлүк зомбулук учурлары катталган, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 27,5% көп.
Республикада биринчи жолу электрондук манжеттерди жана мобилдик көзөмөлдү колдонгон күчөтүлгөн коргоо ордерлери киргизилди. Бишкекте коомдук тартипти бузган биринчи 15 адам мындай манжеттерди алышты.