Түндүк айланма жолунда үч жаңы айлампа ачылды

Марина Онегина Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Түндүк айланма жолдо убактылуу үч деңгээлдүү транспорттук айлампалар ачылды. Алар Алматы - Бишкек - Ташкент автожолунун 230-236-километри аралыгында жайгашкан.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим жолдогу жүктөмдү азайтуу жана тыгындардын пайда болушун алдын алуу максатында кабыл алынган. Жаз мезгили келгенде асфальт төшөө иштерин улантуу пландалууда. Учурда кышкы шарттарды эске алуу менен калган участкаларда жер казуу иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Түндүк айланма жолдун жалпы узундугу 33,4 километрди түзөт. Бул жылы 15 километр жолдун реконструкциясын аяктоо пландалууда, анын 6 километри Алматы - Бишкек - Ташкент трассасында, калган 9,1 километри Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунда жайгашкан.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: