Телеканалдарга ТЖКнын өзгөчө билдирүүлөрүн акысыз трансляциялоого милдеттендирилди
Жаңы эрежелерге ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризис башкаруу борбору кошумча ыйгарым укуктарга ээ болду. Эгер коркунуч пайда болсо же өзгөчө кырдаал болуп өтсө, бардык телекоммуникация компаниялары жана телерадиоканалдар, менчик формасына карабастан, акысыз түрдө өзгөчө билдирүүлөрдү трансляциялоого милдеттүү.
Бул чечим Санитардык кодекс жана өкмөт тууралуу Конституциялык мыйзамдын нормаларына негизделип кабыл алынды.
Жаңы жоболор расмий жарыяланган күндөн тарта он күндөн кийин күчүнө кирет.