ОПЕК Кыргызстанга 30 миллион доллар өлчөмүндө кредит берет
Кредит «Кыргызнефтегаз» акционердик коомун бюджеттик колдоо катары берилет
ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 30 миллион доллар берүүгө макул болду, бул каражат бюджеттик колдоо үчүн колдонулат. Кредиттин кайтаруу мөөнөтү 20 жыл, ал эми биринчи 5 жылы жеңилдик мезгили болуп саналат, пайыздык ставка 1,25% түзөт.
Алынган каражаттар «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун мунайды кайра иштетүү заводун модернизациялоо үчүн бюджеттик кредит катары Министрлер кабинетине жөнөтүлөт.
Бул кредитти алуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тарабынан экинчи окууда бекитилди.
Фото www
Дагы окуңуз:
Орто-Токой ГЭСин курууну 2026-жылдын биринчи жарымында аяктоо пландалууда
Кыргызстандын Энергетика министрлиги берген маалыматка ылайык, «Чакан ГЭС» акционердик коому...