Азис Абакиров: Кыргызстандагы IT-адистер брендге айланды
Абакиров Жогорку технологиялар паркында 463 компания катталганын, алардын 94% кызматтары 70тен ашык өлкөгө экспорттолоорун белгиледи.
«ПВТнин резиденттик компанияларында болжол менен 3 миң адам иштейт, алардын 90% кыргызстандыктар. Учурда биз санарип кочевниктерди тартууга багыт алуудабыз», — деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, Кыргызстандагы IT адистеринин жалпы саны болжол менен 20 миңди түзөт жана алар ар түрдүү компанияларда иштешет. Ал ошондой эле «дүйнөдө кыргызстандыктар иштебеген фирмалар жок» деп белгиледи.