Ош облустук филармониясынын чыгармачылык жамааттары Индиядагы эл аралык фестивалга катышты
Фестивалда кыргызстандык артисттер жогорку сапаттагы концерттик программаны көрсөтүп, эл аралык коомчулукту Кыргызстандын улуттук музыкасынын байлыгы менен тааныштырды. Алардын чыгыштарында обряддык мелодиялар, салттуу ырлар, бийлер жана кыргыз элине мүнөздүү музыкалык аспаптар көрсөтүлдү.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, чыгармачылык топтор өз чыгыштары үчүн жогорку баа алышып, фестивалдын жыйынтыгы боюнча эл аралык лауреаттык наамдар менен сыйланышты.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Ош облусунун филармониясынын ансамблдери Индиядагы «Рамаяна» фестивалында чыгышат
13-24-январь күндөрү Ош облусунун Р. Абдыкадыров атындагы филармониясынан «Аалам» фольклордук...
Ош мамлекеттик филармониясынын жамааттары индиялыктарды кыргыздардын тарыхый мурасы менен тааныштырды
Ош обласындагы Р. Абдыкадыров атындагы филармония 2026-жылдын 13-24-январь күндөрү Индияда өтүүчү...