Россияда ВНЖ тууралуу билдирбеген жарандар үчүн жоопкерчилик киргизилиши мүмкүн
Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жашаган россиялыктарды жаңы статус алгандан кийин 60 күндүн ичинде чет өлкөнүн жарандыгын же ВНЖ алганы тууралуу маалымдоого милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштады.
Эгерде бул талап бузулса, жарандар 200 миң рублга чейин айып пул төлөөгө же жарандыгы же ВНЖ тууралуу маалымдоо милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кылмыш кодексинин беренесине ылайык 400 саатка чейин мажбурлап иштөөгө тартылышы мүмкүн.
Учурда россиялыктар Россияга кайтып келгенден кийин 60 күндүн ичинде ВНЖ же чет өлкөнүн жарандыгы тууралуу маалымдоого милдеттүү. Жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин, эгерде жарандар өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин чет өлкөнүн документтерин алышкан болсо, 2028-жылдын 1-январынан баштап бир жылдын ичинде консулдуктарга маалымдашы керек.