КРнын Эсеп палатасынын пресс-кызматы 2020-2024-жылдар аралыгында Антимонополь жөнгө салуу кызматынын бюджетинин аткарылышын камтыган аудит жүргүзүлгөндүгү тууралуу билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.
Аудит материалдык-техникалык базаны жакшыртууга багытталган укуктук актыларда максаттардын болушуна карабастан, өнүктүрүү фондунун каражаттарын колдонуу фактысы өтө төмөн деңгээлде экенин көрсөттү.
Мисалы, 2023-жылы материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө бар болгону 378,2 миң сом бөлүнгөн, бул бардык чыгымдардын болгону 1,33 %ын түзөт, ал эми 2024-жылы бул сумма 410,0 миң сомго (0,81 %) чейин өскөн.
«Фонддун көпчүлүк ресурстары кызматкерлер үчүн сыйлыктарга жана социалдык төлөмдөргө жумшалган. Жамааттык келишимге ылайык, майрамдарга жана эскерүү күндөрүнө ар кандай сыйлыктар каралган, бирок аудит учурунда айрым кызматкерлерге айына бир нече жолу сыйлыктар берилген учурлар катталган», - деп белгилешти пресс-кызматта.
Мындан тышкары, текшерүү учурунда бухгалтердик эсеп жана ички көзөмөл боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Негизги каражаттарды 1,5 млн сомго эсептен чыгарууда документтерди түзүү эрежелери сакталбай, техникалык экспертиза, утилизация жана сатуу актылары жок болгон.Ошондой эле, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу процессинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына каршы келген мыйзам бузуулар аныкталды.
Аудит 1,7 млн сомдук бюджеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышын көрсөткөн, бул каражаттар аймактардагы имараттарды ижарага алуу үчүн бөлүнгөн, бирок мамлекеттик имараттарды акысыз алуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес.
Аудиттин жыйынтыктары боюнча КРнын Эсеп палатасы финансылык жана антимонополь тармактарындагы аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга, бюджеттик каражаттарды натыйжалуулугун жогорулатууга жана финансылык тартипти бекемдөөгө багытталган сунуштарды берди.