Полиция айдоочуларга сапарга чыгууда Жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Аба ырайынын начарлашына байланыштуу, ИИМ төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- транспорт каражаттарынын ортосунда коопсуз аралыкты сактап, ылдамдык режимин карманыңыз;
- кескин маневрлерден, күтүүсүз токтоолордон жана негизсиз ашып өтүүдөн качыңыз;
- жөнелүүдөн мурун унаанын техникалык абалын, өзгөчө тормоздорун, фарларын жана айнек жуугучтарын текшериңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо, алыстагы сапарларды жана тоолуу аймактарга чыгууну аба ырайы жакшыраганга чейин токтотуңуз.
Мындан тышкары, ИИМ жөө адамдарга жолду кесип өтүүдө этият болууга, Жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана караңгы убакта же начар көрүнүү шарттарында жарык чагылдыруучу элементтерди колдонууга чакырат.