Кыргызстанда жыныс боюнча ПИН алмаштырууга жол берилбейт – Минцифра
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Дастан Джумабеков цифралдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурсултан Кубановго ПИН-кодду өзгөртүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроо берди.
Бул боюнча Кубанов ПИН-кодду өзгөртүү техникалык ката болгон учурда гана мүмкүн экенин айтты.
Ошондой эле Джумабеков ПИН-кодду аялдарга 1, эркектерге 2 деген сан берилерин белгиледи.
Министрдин орун басары учурдагы мыйзамга ылайык, ПИН-кодду жыныс өзгөртүү себептери менен өзгөртүү мүмкүн эместигин тактады.
«Учурда төрөт үйлөрү менен ПИН-коддорду берүү үчүн интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат. ПИН-кодду өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жарандын жеке кайрылуусунан жана кайрылуунун себептерин талдоодон кийин гана каралышы мүмкүн», - деп кошумчалады ал.