Бул өзгөртүүлөрдүн максаты — долбоордук документациянын экспертизасын уюштуруу, учурдагы юридикалык белгисиздиктерди жоюу жана курулушчулар менен мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу.
Буйрук долбоору төмөнкү сунуштарды камтыйт:
- долбоордук документациянын экспертизасы курулуш, өрт, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча бөлүнүп жүргүзүлөт;
- заказчынын ыйгарым укуктуу органдарда документтерди даярдоодогу жана долбоордун бардык бөлүктөрүн макулдашууда жоопкерчилиги такталат;
- комплексдүү экспертиза боюнча жоболорду камтыган эски нормалар жоюлат;
- эксперттик корутундуларды алуу үчүн сунушталуучу документтердин жаңы талаптары киргизилет.
Ошондой эле документ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ар бир коопсуздук багыты боюнча өзүнчө эксперттик корутундуларды бериши керектигин белгилейт.