Депутат жаңы филармония имаратын Бишкекте куруу керек деп эсептейт
Ал филормониянын ички жана эл аралык деңгээлде ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө маанилүү роль ойной турганын айтып, анын жаңылануусунун актуалдуулугун баса белгиледи.
«Бул имарат заманбап талаптарга жооп бериши керек, ошондой эле кыргыз мурастарын чагылдыруу менен маданияттын, тарыхтын жана салттын символуна айлануусу керек», - деп кошумчалады депутат.
Учурда Кыргыз Республикасынын Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филормония Чүй жана Манас проспекттеринин кесилишинде жайгашкан. 1980-жылы курулган имарат Бишкектин мэриясына карайт жана аймагында Манас статуясынан жана фонтанардан турат.