
Бишкек мэриясы дагы бир же эки таштанды сорттоо заводун ачууну пландап жатат, деп билдирди Айбек Джунушалиев «Кабар» агенттигинин подкастында. Мэрдин маалыматына ылайык, бийлик мурда таштанды жыйноо менен жашаган жарандар үчүн жумуш орундарын түзүүгө аракет кылууда.
«Биз эски полигондон таштанды жыйноо менен жашаган адамдарга расмий жумуш сунуштоону каалайбыз. "Таштанды тоосунун" жанында жашоонун ордуна, биз аларга заводдо иштөө мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз, анда бардык керектүү шарттар камсыздалат», - деп баса белгиледи Джунушалиев.