Бишкектеги таштанды полигонунун айланасын өнөр жай зонасы катары өнүктүрүү пландалууда

Жакында «Кабар» агенттиги уюштурган подкастта, борбордун мэри Айбек Джунушалиев таштанды полигонунун жанындагы турак жай курулуштарынын абалын талкуулады.
Ал учурда бул конуштар мыйзамсыз деп эсептелинерин жана санитардык коргоо зонасында жайгашкандыктан жер амнистиясы программасына кирбестигин белгиледи.
«Эгер санитардык зона кыскартылса, бул турак жайды легалдаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошентсе да, мэрия бул аймакты толук өнөр жай зонасына айландырууну талап кылууда», - деп кошумчалады ал.
Джунушалиев ошондой эле, эгер «таштанды тоосун» толук жоюуга жетишилсе, келечекте бул аймакта жашоо үчүн ылайыктуу шарттар пайда болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.
Окшош материалдар:
