«Король Лев» мультфильминин режиссерлорунун бири Роджер Аллерс дүйнөдөн кайтты
«Король Лев» мультфильминен тышкары, Аллерс «Трон», «Оливер жана компания», «Русалочка», «Аладдин» жана «Краса жана Чудовище» сыяктуу анимациялык фильмдердин жаралышына да салым кошту.
Анын Disneyдеги карьерасы 1982-жылы чыккан фантастикалык фильм «Трон» үчүн концептуалдык идеяларды иштеп чыгуудан башталган. Андан кийин ал «Оливер жана компания» жана «Русалочка» фильмдеринде раскадровка художниги болуп иштеди, андан соң «Краса жана Чудовище» фильминде сюжет боюнча башкы, ал эми «Король Лев» фильминде режиссердун жардамчысы болду.