Бишкектин жанында аэропортко альтернативдүү жол куруу каралууда
Жолугушууда транспорт министри Абсаттар Сыргабаев жана анын кесиптештери жаңы долбоордун максаттары, ошондой эле анын техникалык мүнөздөмөлөрү жана ишке ашыруу этаптары тууралуу айтып беришти.
Жаңы төрт тилкелүү жолдун узундугу 17 чакырым болуп, Бишкектин Түндүк айланма жолунун Молодая Гвардия бульвары менен кесилишинен башталат деп болжолдонууда. Долбоордун алкагында эки деңгээлдүү транспорттук түйүн куруу, ошондой эле жарыктандыруу жана аймакты жашылдандыруу пландары бар.
Ошондой эле, келечекте изилдөө жана долбоорлоо иштерин өткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары, Чүй облусунда эки тилкелүү жол жана 8,7 чакырым узундуктагы көпүрө куруу мүмкүнчүлүгү каралууда, ал Мраморное айылын Виноградное айылы менен байланыштырмакчы.
Транспорт министрлиги долбоорду ишке ашыруу транспорт тыгындарын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, инфраструктураны жакшыртууга жана регион аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.
Окшош материалдар:
