
КР президентинин башкармалыгынын пресс-кызматы «Кабар» агенттигине билдиргендей, эски мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр, алмаштырылбаса, күчүн жоготот.
Берилген маалыматка ылайык, эски үлгүдөгү күбөлүктөрдү алмаштыруу процесси аяктаган соң, алар күчүнө кирбейт.
Жарандарга 15-январдан 15-февралга чейин эски күбөлүктөрүн бекер алмаштыруу мүмкүнчүлүгү берилет. Белгиленген мөөнөттө бул шартты аткара албагандар үчүн кошумча убакыт каралган.
Дүйшөмбүдөн баштап айдоочулук күбөлүктөрдү онлайн форматта алмаштыруу мүмкүнчүлүгү да болот, бул жарандарга үйлөрүн таштабай эле бул процедураны өткөрүүгө мүмкүндүк берет.