
Электр энергиясын үнөмдөө маселелери үй-бүлөнүн чыгымдары үчүн гана эмес, табиятты коргоо үчүн да маанилүү. Энергиянын күнүмдүк керектелишин азайтуу парник газдарынын чыгарылышын азайтууга жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына болгон жүктү жеңилдетүүгө жардам берет.
Энергияны рационалдуу пайдаланууга аракет кылыңыз.
Электр жабдыктарын колдонуу графигин пландаштырып, пик убакыттарында (18:00дөн 22:00гө чейин) тармакка болгон жүктү минималдаштырууга аракет кылыңыз. Мисалы, кир жуугуч машиналарды жана мештерди таңертең же күндүз иштетүү жакшы. Бул электр энергиясын өчүрүү коркунучун азайтат.
Энергияны үнөмдөгөн техникаларды тандаңыз.
Быттык жабдыктарды сатып алууда энергиянын натыйжалуулук деңгээлине көңүл буруңуз: классы жогору (A, A+, A++) болгон жабдыктар ошол эле өндүрүмдүүлүк менен иштөө үчүн азыраак энергияны талап кылат. Мындай жабдыктар электр энергиясын үнөмдөө аркылуу тез арада кайтарым алат.
Быттык жабдыктарга дайыма кам көрүңүз.
Чаң жана кир кондиционерлердин, муздаткычтардын жана жылыткычтардын натыйжалуулугун төмөндөтөт. Фильтрлерди жана желдеткичтерди мезгил-мезгили менен тазалоо алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана электр энергиясын керектөөнү азайтууга жардам берет.
Күн нурун колдонуу.
Күндуз табигый жарыкты максималдуу пайдаланууга аракет кылыңыз. Иш орундарын терезелерге жакын жайгаштырыңыз, жарык шторлорду тандаңыз жана дубалдарды жарык түстөргө боёп, жарыкты жакшы чагылдырыңыз. Бул электр жарыгын аз колдонууга мүмкүндүк берет.
LED лампаларга өтүңүз.
Светодиоддор лампаларга салыштырмалуу 6-8 эсе азыраак электр энергиясын керектейт жана он эсе узакка кызмат кылат. Бир квартирадагы жарыкты алмаштыруу электр энергиясын 20-30% га азайтууга жардам берет.

Телевизорлор, компьютерлер жана заряддык түзмөктөр өчүрүлгөн учурда да электр энергиясын керектей бериши мүмкүн. Бул "вампир энергиясы" деп аталат. Жабдыктарды толугу менен өчүрүп, выключатель менен розеткаларды же сетевой фильтрлерди колдонуп өчүрүңүз.
Электр жылыткычтарын үнөмдүү колдонуңуз.
Жылыткычтар, бойлерлер жана электр чайникдер эң көп энергияны керектеген жабдыктарга кирет. Алардын колдонулушун чындап эле керек болгондо гана чектеңиз, ашыкча суу кайнатпагыла жана бош бөлмөлөрдө жылыткычтарды күйгүзүп калтырбоо керек.

Калың эшиктер жана терезелер, сапаттуу шторлор жана килемдер жылуулукту сактоого жардам берет. Жылуулук жоготуулары аз болгондо, жылыткычтарды колдонуу азайып, бул электр энергиясын керектөөнү төмөндөтөт.
Энергияны керектөөнү көзөмөлдөө үчүн заманбап технологияларды колдонуңуз.
Эгер мүмкүнчүлүк болсо, "акылдуу" розеткаларды же эсептегичтерди орнотуңуз, алар сиздин энергияны керектөөңүздү көзөмөлдөп, белгиленген чектерден ашканда жабдыктарды автоматтык түрдө өчүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул гана эмес, ыңгайлуу, ошондой эле экономикалык жактан да пайдалуу.