Бишкекте Ленинград блокадасынын жыртылышына 83 жыл толуусун белгилешет
Берилген маалыматка ылайык, бүгүн Жеңиш паркында «Ленинграддыктарга — кыргызстандыктарга ыраазычылык» эстелигине гүл коюу жана митинг өтөт. Бул иш-чаранын алкагында мурда дайынсыз жоголгон 12 кыргызстандык жоокердин үй-бүлө мүчөлөрүнө алардын жакындарынын тагдыры тууралуу маалымат камтылган документтер тапшырылат.
Эртең, 17-январда, Святой Воскресенск кафедралдык соборунда блокададагы Ленинградды коргогон жана жашаган адамдар, ошондой эле тынч убакта дүйнөдөн өткөн Кыргызстандын блокадниктер коомунун мүчөлөрү үчүн панихида өтөт.
18-январда Түндүк зиратына Ленинград блокадниктер коомунун көп жылдык жетекчиси Анна Кутановага гүл коюу пландалууда.
Окшош материалдар:
