Башкы жаңы жылдык шырша өзүнүн майрамдык миссиясын аяктады
Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы негизги Жаңы жылдык шыршаны демонтаждоо процесси башталды. Шаардык кызматкерлер кооздуктарды жана оюнчуктарды алууга киришти. Бул тууралуу борбордун мэриясы «Кабар» агенттигине билдирди.
Маалымат үчүн, өлкөнүн негизги шыршасы 15-декабрда күйгүзүлгөн. Анын кооздолушу шаар символикасын, Манаска арналган эстеликти жана жаңыланган Ала-Тоо аянтын чагылдырган бирдиктүү стильде иштелип чыккан. Бул жылы шыршада көк жана күмүш түстөгү 7 миңден ашык оюнчуктар жайгаштырылган.
Шыршадан тышкары, аянтта муз тебүүчү аянтча, сейилдөө зонасы жана тамак-аш базары иштеп турган.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Бишкекте Ала-Тоо аянтында өлкөнүн негизги жаңы жылдык шырдагын демонтаждоо башталды
Бишкекте, Ала-Тоо аянтында, бүгүн таңертең өлкөнүн негизги жаңы жылдык шырдагын демонтаждоо иштери...