Троллейбустар өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам берет, бардык шаардыктар үчүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн экологиялык жактан таза мобилдүүлүктү камсыз кылат.Бул юбилейге байланыштуу #Бишкек Смог инициативасы бардык каалоочуларды 16-январда саат 17:00дө, дареги: Орозбекова көчөсү, 87, Park Hotel Bishkek, Ballroom залы, 2-кабат, майрамдык иш-чарага чакырат.
Ардактуу коноктордун арасында троллейбус башкармалыгынын катышуучулары болот – электр транспортунда иштеген бардык адамдарды чакырабыз!
Иш-чаранын программасы
Биринчи бөлүк: эксперттер менен тегерек стол- 17:00-17:15 - Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин, ошондой эле Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнөн куттуктоо сөзү (тастыктоо күтүлүүдө).
- 17:15-17:30 - "Шаардык электр транспорту: тарых жана азыркы учур" - Лейбниц регионалдык география институтунун илимий кызматкери Егор Мулеевдин (Лейпциг, Германия) онлайн форматындагы баяндамасы.
- 17:30-17:45 - ПРООН КРден профессор Анхель Апарисионун электр мобилдүүлүк долбоору боюнча презентациясы. Ал 2009-жылдан бери Мадрид техникалык университетинин транспорт, экология жана шаардык пландоо факультетинде транспорт боюнча профессор.
- 17:45-18:00 - БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары, ЕБРР, АБР жана "Бир Дуйно - Кыргызстан" өкүлдөрүнүн баяндамалары (тастыктоо күтүлүүдө).
- 18:00-18:30 - катышуучулардан талкуу жана суроолор.
- 18:30-18:50 - электр транспорту боюнча викторина.
- 18:50-19:30 - музыкалык чыгармалар жана троллейбус башкармалыгынын ардагерлерин урматтоо.
Партнерлор: Лейбниц атындагы регионалдык география институту (Лейпциг, Германия), The Eurasian Climate Brief.