Суук түшкөндүктөн Бишкектин ТЭЦи жогорку даярдык режимине өттү

Бишкекте температуранын кескин төмөндөшү күтүлүп жаткандыктан, борбордун жылуулук электр борбору жогорку даярдык режимине өткөндүгү тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык кызматтар күчөтүлүп, техникалык жана оперативдик персоналдын 24/7 кезектеги кызматтары уюштурулган, ошондой эле негизги жана жардамчы жабдуулардын абалына кошумча көзөмөл киргизилген.
Бардык ТЭЦ бөлүмдөрү мүмкүн болгон авариялык кырдаалдарга тез жооп берүү үчүн тыгыз кызматташууда иштешүүдө.
ТЭЦ төмөнкү температура шарттарында өзүнүн керектөөчүлөрүнө жылуулук жана электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылуу үчүн бардык зарыл аракеттерди көрүүдө.
Окшош материалдар:
