Кафеде кызмат көрсөтүү үчүн акы алынбай калган соң, тамак-аштар 20 пайызга кымбаттады
Бул жыйым негизинен борбор шаар Бишкекте жана Ош шаарында колдонулуп келген, анын өлчөмү 5тен 15 пайызга чейин өзгөрүп турган.
Мамлекеттик антимонополия кызматынан белгилешкендей, керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу боюнча суроолор менен алардын мекемесине кайрылса болот.
Эскерте кетсек, 1-январдан баштап Кыргызстандагы коомдук тамактануу жайларында кызмат көрсөтүү, тамактарды берүү, сервировка жана кызматкерлердин башка кызматтары үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынган, булар заказдын жалпы баасына киргизилиши керек.
Окшош материалдар:
