Мамлекеттик колдоо рекорддук деңгээлде: агросекторго 12 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү
Ведомствонун белгилөөсү боюнча, мурда жеңилдетилген кредиттер эки программа чегинде гана берилсе, 2025-жылга чейин алардын саны бешке чейин көбөйдү. Бул багыттарга «Айыл чарбаны каржылоо», «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө», ошондой эле тукумдук мал чарбачылыгы жана уруктануу боюнча долбоорлор кирет.
Өткөн жылга пландаштырылган 12 миллиард 242 миллион сомдун 11 миллиард 369 миллиону колдонулуп, бул жалпы көлөмдүн 92,8 пайызын түздү. «Айыл чарбаны каржылоо — 13» программасы толугу менен аткарылды, ал эми «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» планы 166 пайызга ашып кетти.
Мындан тышкары, Мамлекеттик инвестициялык программа боюнча агросектордо 12 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Пландаштырылган 9 миллиард 707 миллион сомдун 6 миллиард 502 миллиону пайдаланылып, бул 67 пайызды түздү. Ошондой эле капиталдык салымдар боюнча оң динамика байкалууда, алардын деңгээли 64,6 пайызга жетти.
Министрликте белгилешкендей, беш приоритеттүү багыт боюнча жетишилген жыйынтыктар айыл чарба секторунун туруктуу жана системалуу өнүгүшүн көрсөтөт, ал эми мамлекеттик колдоо чаралары бул процесске маанилүү таасир этет.
Окшош материалдар:
