КР ТИМ АКШнын Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы виза талаптарын түшүндүрдү

Кыргыз Республикасы Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарына кирүү үчүн B-1/B-2 (туристтик жана бизнес) категориясындагы иммиграциялык эмес визаларга арыз берүү боюнча жаңы кошумча талаптар жөнүндө билдирет. Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 21-январынан тарта күчүнө кирет.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанды кошо алганда, бир нече өлкөнүн жарандары 5 000 доллардан 15 000 долларга чейин финансылык кепилдик киргизиши керек. Так сумма консулдук кызматкер тарабынан интервью учурунда аныкталат.
Мындан тышкары, арыз берүүчүлөр АКШнын Ички коопсуздук министрлигинен I-352 формасын консулдук кызматкердин көрсөтмөсү боюнча гана берүү керек жана АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн кызматында кепилдик шарттарына макулдугун тастыктоосу керек.
Төмөнкү учурларды эске алуу маанилүү:
- кепилдик киргизүү виза алуу үчүн кепилдик эмес;
- иммиграциялык статусунун өзгөрүшү же АКШда болуу мөөнөтүн ашырып кетүү учурунда кепилдик кайтарылбайт;
- жаңы эрежелер өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин берилген арыздарга гана тиешелүү.
Финансылык кепилдик менен виза алган жарандары үчүн АКШга кирүү жана чыгуу үчүн белгилүү аэропорттор аркылуу гана өтүү милдеттүү болот:
- Бостондогу Логан эл аралык аэропорту (BOS);
- Нью-Йорктогу Джон Ф. Кеннеди атындагы эл аралык аэропорт (JFK);
- Вашингтондогу Даллес атындагы эл аралык аэропорт (IAD).
Бул талаптардын бузулушу кирүүгө же өлкөдөн чыгууга кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, айрым өлкөлөрдүн бул тизмеге киргизилиши, ошол өлкөлөрдүн жарандары арасында виза режиминин бузулушунун жогорку деңгээли менен байланыштуу.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШга сапар пландап жаткан жарандарды жаңы визалык талаптар менен алдын ала таанышып, бардык шарттарды так сактоого чакырат, виза жана миграция мыйзамдарын бузбоо үчүн.
Окшош материалдар:
